Ак-Суу районуна караштуу Советское айылындагы Кызыл-Кыя орто мектебинин тарыхы жөнүндө маалымат
Ак-Суу районундагы Советское айылындагы Лизогубовка карлик башталгыч мектеби 1923-жылы башталгыч мектеп болуп уюштурулган.Мектеп орус тилдүү мектеп болгон.1923-1925-жылдар аралыгында директор болуп Черненко Надежда Дмитриевна эмгектенген.Мектепте эки класстык бөлмө жана он окуучу окуган.Директор өзү окуткан. 1970-жылы Советское айылында жер титироодон кийин жаны имарат курулган.Имарат 7-класстык бөлмө,фойеси болгон.Мектеп имараты көмүр менен жылытылып,щиттен салынган. 1988-жылы Советское айылына жаны кошумча мектеп имараты курулуп ишке берилген.Мектепте 4 класстык бөлмө болгон.Мектеп бетондон салынып,көмур менен жылытылган.Бирок мектептин курулушу сапатсыз болгондуктан авариялык абалга туш келип,1990-жылдары жараксыз деп табылган.Ал корпуста окуучулар окубай калган.Ал корпуска ынгайлаштырылган китепкана ачылган.
1925-1960-Лизогубовка башталгыч мектеби
1969-1979-жылдары Советское сегиз жылдык мектеп
1988-жылы Советское тогуз жылдык мектеби.
1991-жылы Кызыл-Кыя орто мектеби
- 1925-жылы Лизогубовка үч жылдык башталгыч мектебинде 28 окуучу окуган.Мектепте бир мугалим жана директор өзү окуткан. 1925-1940-жылдарда мектептин директору болуп Беляк Павел Макарович эмгектенген.
- 1940-жылы Лизогубовка 4 жылдык башталгыч мектебинде 40 окуучуга чейин окуучу окуган.Эки мугалим эмгектенген.1940-1945-жылдар аралыгында мектеп директору болуп Киселева Валентина Федоровна эмгектенген.
- 1950-жылдары Лизогубовка башталгыч мектебинде эки мугалим эмгектенген.Окуучунун саны 42 болгон.1950-1960-жылдары Немченко Мария Ивановна директор болгон.
- 1960-жылдары Советское башталгыч мектеби болуп аталып,окуучунун саны 39 болгон.Эки мугалим эмгектенген.1960-1969-жылдары мектеп директору болуп Чернышева Мария Ивановна иштеген.
- 1969-жылы Советское сегиз жылдык мектеби болуп,130 окуучуга жеткен.1969-1971-жылдары Алиева Дуйшокон мектеп директору болуп эмгектенген.
- 1971-жылы жылы Советское сегиз жылдык мектебинде 135 окуучу окуп,11 мугалим эмгектенген.1971-1976-жылдары Токтоев Исмаил Осмонович директор болуп иштеген.
- 1976-жылы Советское сегиз жылдык мектебинде 137 окуучу окуган.1976-1979-жылдырында Узакова Кумушай мектеп директору болгон.
- 1979-жылдары Човетское сегиз жылдык мектебинде 149 жакын окуучу окуп,16 мугалим эмгектенген.1979-1986-жылдары Курманбеков Мурат Дуйшеевич мектеп директору болгон.
- 1986-1988-жылдары Советское сегиз жылдык мектебинде 151 тегерегинде окуучу окуган.17 мугалим эмгектенген жана мектеп директору болуп Жуманалиев Бейшен Алыкулович иштеген.
- 1988-1991-жылдары Советское тогуз жылдык мектебинде 150 тегерегинде окуучу окуган.16 мугалим эмгектенген жана мектеп директору болуп Тогузбаев Мырзабек иштеген.
- 1991-1995-жылдары Кызыл-Кыя орто мектеби болуп аталып ,мектепте 175 окуучу окуган.20 мугалим эмгектенген жана мектеп директору болуп Абдылдаев Кадыр иштеген.
- 1995-1997-жылдары Кызыл-Кыя орто мектебинин директору Кокүмбеков Орузбай,1997-1998-жылдары Мырзабеков Темир,1998-2014-жылдары Абдулдаев Кадыр эмгектенген.
- 2014-жылдан азыркы убакка чейин Карабаева Аида Райымбековна мектеп директору болуп иштеп жатат.