Имангазиев Араз Узакович 1982-жылы 1-февралда Ысык-Көл облусунун Ак-Суурайонундагы Советское айылында жарык дүйнөгө келген.1988-жылы Советское айылындагы мектепке 1-класска кабыл алынган.1999-жылы мектепти аяктап, Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академияга тапшырып, 2004-жылы ийгиликтүү аяктайт.андан ары билимин улантып 2009- жылы Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинде «Экономика» факультетин аяктайт. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын прокуратура органына стажер катары кабыл алынат; 2008-жылдын июнь айнан 2009-жылдын июнь айына чейин Жети- Өгүз районунун прокуратурасында стажер- прокурордун жардамчысы;
2009-жылдын июнь айынан 2012-жылдын январь айына чейин Жети-Өгүз райондук прокуратурасында прокурордун ага жаржамчысы ;
2012-жылдын январь айынан ушул эле жылдын май айына чейин Ысык-Көл облустук прокуратурасында Өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү;
2012-жылдын май айынан 2013-жылдын аппрел айына чейин Ысык-Көл облустук прокуратурасында Өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү;
2013-жылдын апрел айынан ушул эле жылдын май айына чейин Ысык-Көл облусунун прокуратурасында Тергөө бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү;
2013-жылдын май айынын 2015-жылдын декабрь айына чейин Ак-Суу районунун прокуратурасында Прокурордун орун басары;
2016-жылдын август айынан 2017-жылдын январь айына чейин Ак-Суу районунун прокуратурасында Прокурордун орун басары;
2017-жылдын январь айынан 2018-жылдын сентябрь айына чейин Каракол шаарынын прокуратурасында Прокурордун орун басары;
2018-жылдын сентябрь айынан 2021-жылдын сентябрь айына чейин Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасында Прокурордун улук жардамчысы;
2021-жылдын сентябрь айынан тартып ушул күнгө чейин Баткен облусунун прокуратурасында Кадамжай районунун прокурору болуп эмгектенүүдө.
Эӊ акыркы алган класстык чени: «Юстициянын подполковниги».