Саякова Айсулу Айтбековна 1984-жылы 29-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Чоӊ-Тогузбай айылында төрөлгөн.
1990-жылы ушул эле айылдагы Чоң- Тогузбай толук эмес орто мектебинин 1-класска босогосун аттаган, 2001-жылы Бишкек шаарындагы № 29 орто мектепти аяктаган. 2001-жылы И. Арабаев атындагы КМПУ университетинин “кыргыз тили жана адабияты”болүмүнө тапшырган, 2006-жылы К.Тыныстанов атындагы ЫМУ ушул эле бөлүмүн аяктаган.
2006-жылы Боз-Учук айылындагы М.Чөкүев орто мектебинде иш жолун баштап, 2008-жылы Советское айылындагы Кызыл-Кыя орто мектебинде иш жолун улаган. Азыркы кезде ушул эле мектепте эмгектенүүдө.